Коомчулук арасында альтернативдик кызмат, мобилизациялык жыйымдар боюнча түрдүү маалыматтар чыгып, төлөмдөрдүн жогорулашы боюнча нааразычылыктар айтылууда. Бирок Коргоо министрлиги бул маалыматтарды төгүндөп, Министрлер кабинети кабыл алган токтом боюнча толук маалымат берди.

Коргоо министрлигинин Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын альтернативдик кызматты өтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Алымбаев белгилегендей, альтернативдик кызматтын төлөмдөрү жогорулады жана кызмат өтөөгө мажбурлоо боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт.
"Бүгүнкү күндө 2026-жылдын 19-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамда эч кандай акча каражатын жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынган эмес. Болгону мыйзамда көрсөтүлгөн акча каражаты Министрлер кабиенетинин токтому менен бекитилди. 18 миң сом 25 миңге, анан 25 миң сом 40 миңге, 50 миң сом 75 миңге көтөрүлдү деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. 22 жаштан 40 жашка чейинки кыргызстандыктардын альтернативдик жана бир айлык кызматтарды өтөө тартиби боюнча төлөмдөрү эч кандай жогорулаган жок. Ошондой эле кызмат өтөө милдетүү түрдө деген мерчем кирген жок",- деп билдирди Мырзабек Алымбаев.
Мындан тышкары, Алымбаев Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аскердик каттоонун эрежелерин бузган жаранга салынуучу 1000 сомдук айып пул 10 миң сомго жогорулаганын кошумчалады.

Төлөмдөр кандай жүргүзүлөт?
Аскердик жыйымдар боюнча:
Жарандар жыйындардан өткөндөн кийин гана аскердик эсепке алынат.
Альтернативдик кызмат боюнча:
Үй-бүлөлүк себеп менен чакырылгандар - 18 000 сом төлөшөт;
Ден соолугу боюнча чектелген жарактуу жарандар - 25 000 сом төлөшөт;
Диний ишенимине байланыштуу барбагандар же коомдук пайдалуу жумуш аткарууга каалоосун билдиргендер - белгиленген көлөмдө коомдук пайдалуу иштерди аткарышат, кошумча 25 000 сом төлөшөт.