Иран "Ормуз келишимин" иштеп чыгууну сунуштап жатат. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн маалымат кеңешинин башчысы Элиас Хазрати билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, келишим Ормуз кысыгын араб, Азия жана бир катар европалык мамлекеттердин колдонуусуна жол ачат.
"Мындай шарттарда "Ормуз келишими" менен аймактык жана эл аралык механизмди пландаштыруу жана түзүүгө багыт алууга болот. Бул Иран жетекчилигинде, Азия жана Араб өлкөлөрүнүн, ал тургай бул стратегиялык жолду колдонуп жаткан кээ бир европалык өлкөлөрдүн катышуусу менен түзүлө турган келишим",- деген Хазрати.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку ургандан кийин, Иран ага жооп кылып, стратегиялык маанилүү деңиз жолун жаап салган. Кийинчерээк Иран беш өлкөгө деңиз жолун ачканын жарыялаган.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана газ ташууда маанилүү роль ойнойт.