Бишкек шаарынын мэриясы Нур-Кожо конушуна коомдук транспорт каттабайт деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу 1-апрелде парламент жыйынында Нуркожо-Ата конушунда бир дагы коомдук транспорт каттабай турганын айткан. Айтымында, тургундар 1,5-2 чакырымга чейин жөө каттап, коомдук транспортту пайдаланып жатышат.
Мэрия билдиргендей, бүгүнкү күндө Ак-Бата конушунун акыркы аялдамасына чейин жана Нур-Кожо конушунун башына чейин №23 жана №77 автобустар, ошондой эле №117, №128 жана №185 кичи автобустар каттап турат.
"Азыркы учурда Нур-Кожо конушунун ичине түздөн-түз коомдук транспорт каттамдарын киргизүү мүмкүн болбой жатат. Муну менен катар, тургундар коомдук транспортко жетүү үчүн 1,5-2 чакырым аралыкты жөө басууга мажбур деген маалымат туура эмес",- деп билдиришти мэриядан.