Казакстандын Башкы прокуратурасы АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган Жеффри Эпштейнге байланыштуу файлдардан казакстандык чиновниктердин бар-жогун текшерип жатат. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Ерлан Утегенов жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Утегеновдун айтымында, учурда 3 миллионго жакын билдирүү текшерилүүдө. Мындай текшерүү Казакстан жарандарына байланышкан маалыматтарды жана өлкө тууралуу талкууларды төгүндөөгө багытталган.
"Маалыматтын көлөмү өтө чоң болгондуктан, текшерүү убакытты талап кылат. Бардык материалдар кылдат изилденип, жыйынтыктар толук текшерилип бүткөндөн кийин жарыяланат",- деген Ерлан Утегенов.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстан Мажилисинин депутаты Асхат Рахимжанов башкы прокурорго кайрылып, Казакстандын мурдагы жогорку даражалуу чиновниктери менен Эпштейндин байланышын иликтөөнү талап кылган.