Индонезиянын Тернате аралында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөдө бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен Сулавеси аймагындагы 70 жаштагы аял каза тапкан. Мындан тышкары, табигый кырсыктан жаракат алгандар да катталган.
Жердин силкинүүсү Тернатеде, Битунг шаарларында жана башка бир нече аймактарда сезилип, турак үйлөр, мектептер жана маданий имараттар жабыркаган. Ал эми буга чейин жарыяланган цунами коркунучу жокко чыгарылган.