Биз социалдык тармакта

Бүгүн Жерди магниттик бороон капташы мүмкүн 

Бүгүн, 2-апрелде Жерде G1-G2 деңгээлиндеги алсыз магниттик бороон башталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Орусиянын илимдер академиясынын Космос изилдөөлөр институту кабарлаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Адистердин айтымында, магниттик бороондун таасири бейшемби жана жума күндөрү байкалышы ыктымал.

Жердин магнит талаасынын бузулушунун даражасы беш көрсөткүчтөн турган шкала боюнча өлчөнөт, мында G5 өтө күчтүү магниттик бороон деп бааланса, G1 алсыз магниттик бороон деп эсептелет.

Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон биринчи кезекте өнөкөт жүрөк ооруларынан жапа чеккен адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет. Бул күндөрү алсыздык, кан басымдын өзгөрүшү, баш айлануу, баш оору сыяктуу оорулар болушу мүмкүн.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан