Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи АКШ Ламард шаарындагы спорт залга сокку урууда жаңы PrSM ракетасын колдонгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, бул сокку Фарс провинциясындагы Ламард шаарында болуп, анын кесепетинен 21 өспүрүм каза тапкан. Багаи бул ракетанын согушта колдонулушу 28-февралда алгачкы жолу катталганын белгиледи.
Ошол эле учурда АКШнын Борбордук командачылыгы - CENTCOM бул маалыматты четке кагып, америкалык күчтөр спорт залга же турак жай аймагына сокку урбаганын билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин The New York Times басылмасы аскердик эксперттерге таянып, АКШ Иранга каршы операциянын алкагында жаңы кыска аралыктагы баллистикалык ракетаны колдонгон болушу мүмкүн экенин жазган.