Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын элчиси Содном Ганхуягды анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, 2023-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Монголияга мамлекеттик сапарынын жана 2025-жылы Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Айрыкча биргелешкен өнөр жай долбоорлорун илгерилетүүгө, атап айтканда, "Касиет" камвол-ийрүү фабрикасын ишке киргизүү боюнча практикалык кадамдарга көңүл бурулду.
Өз кезегинде элчи жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары да бекемделерине ишенимин билдирди.
Жыйынтыгында министр Содном Ганхуягдын кыргыз-монгол мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлады.