Биз социалдык тармакта

Шаарда жолдорду жаңылоо иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кронштадская жана Мессароша көчөлөрүндөгү жол оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кронштадская көчөсүндө учурда масштабдуу калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Долбоордун алкагында:
• эки катмар асфальт төшөлөт
• сугаруу системасы курулат
• жаңы тротуарлар жасалат
Жолдун узундугу 1,1 чакырым, туурасы 12 метр. Оңдоп-түзөөдөн кийин тротуарлар жана унаа токтотуучу жайлар кошулуп, көчөнүн жалпы туурасы 16-20 метрге чейин кеңейтилет. Бул айдоочуларга да, жөө жүргүнчүлөргө да ыңгайлуураак шарт түзөт.
Ошондой эле Фучик көчөсүнөн Профсоюзная көчөсүнө чейинки Мессароша көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тилкенин узундугу 1350 метрди түзөт.
Мэр иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, бардык иштер белгиленген мөөнөттө аякташы керектигин белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан