Ош шаарында Курманжан датка көчөсү жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда А. Навои көчөсү менен Касымбеков көчөсү ортосунда тротуар жана жашыл аймактарды куруу иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда бордюрлар орнотулуп, тротуарга асфальт төшөөгө даярдык көрүлүүдө.
Долбоордун алкагында көчөнүн эки тарабына тротуар салынып, кошо жашыл аймак түзүлүүдө. Көрктөндүрүү иштеринин негизинде 300 даана акация дарагы отургузулуп, жакынкы күндөрү гүлдөр эгилип, жарыктандыруу системасы орнотулат.
Белгилей кетсек, өткөн жылы бул көчө толук капиталдык оңдоодон өтүп, ирригациялык лотоктор орнотулган. Бул иштер шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.