Биз социалдык тармакта

Ошто жазгы үч айлык боюнча штабдын 4-жыйыны өттү

Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында түзүлгөн штабдын кезектеги төртүнчү жыйыны өткөрүлдү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйынга мэрдин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жыйында 26-марттагы үчүнчү штабдык жыйында берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланып, алдыдагы 4-апрелде өтө турган ишембиликке даярдык көрүү боюнча кошумча милдеттер жүктөлдү.

Белгиленгендей, Жашыл Мурас улуттук кампаниясынын алкагындагы жазгы үч айлык Ош шаарында 31-майга чейин уланат. Бул мезгилде аймакты тазалоо менен катар көчөт отургузуу иштери да активдүү жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан