Биз социалдык тармакта

Иран Amazon’дун Бахрейндеги дата-борборуна сокку урганын билдирди

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Бахрейндеги Amazon компаниясына таандык булуттук эсептөө борборуна сокку жасалганын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Аскердик түзүмдүн билдирүүсүнө ылайык, аталган дата-борбор толугу менен жок кылынган. Бул маалыматты Ирандын мамлекеттик IRIB агенттиги да тараткан. Анда Amazon Жакынкы Чыгыш аймагынан чыгып кетери тууралуу билдирүү жасаганы айтылат.

КСИР бул аракетти америкалык компанияларга каршы операциялардын башталышы катары мүнөздөдү. Алардын айтымында, айрым чет элдик технологиялык компаниялар тыңчылык жана “террордук технологияларды иштеп чыгуу менен алектенет" деп шектелүүдө.

Буга чейин Иран 1-апрелден тарта ушундай соккулар башталарын эскерткен. Тизмеде 16 америкалык жана 2 эмираттык ири технологиялык компания көрсөтүлгөн, бирок алардын арасында Amazon жок болчу.

Аймактагы чыңалуу акыркы айларда күчөдү. Иран Израил тарапка жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объекттерине жооп соккуларын жасап келет. Мунун кесепетинен Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы дээрлик токтоп, дүйнөлүк рынокто мунай жана газ баалары кескин жогорулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан