Кечээ, 2-апрелде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жолбун иттердин таландысында калган 5 жаштагы Умардан кабар алып, ал дарыланып жаткан балдар ооруканасына барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
"Бала ооруканага баш мээсинин орточо даражадагы жабыркашы, баш терисиндеги дефект менен коштолгон тиштелген чоң жаракаттар, тулку боюндагы жана буту-колдорундагы көптөгөн тиштелген жарааттар, травмалык шок диагнозу менен түшкөн. Бала дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө. Профилдик адистердин, анын ичинде кан тамыр хирургдарынын катышуусунда бир нече консилиум өткөрүлгөн. Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу деп бааланууда. Дарылоонун алкагында кутурмага каршы терапия да жүргүзүлүүдө",- деп белгиленген маалыматта.
Осмонов баланын дарылануусун толук көзөмөлгө алууну, зарыл болгон учурда кошумча ресурстарды тартууну, ошондой эле бардык керектүү медициналык жардамды көрсөтүү үчүн тар адистиктеги дарыгерлерди тартууну улантууну тапшырды. Ошондой эле министр баланы өз убагында ооруканага жеткирген укук коргоо кызматкерине ыраазычылык билдирди.