Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиевдин Азербайжанга болгон иш сапары аяктады (видео)

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин Азербайжанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу 3-апрелде Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышып сөз сүйлөдү.

Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттери менен биргеликте Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту.

Мындан тышкары, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын соңунда Касымалиев ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттери менен биргеликте Гейдар Алиев борборуна жана Азербайжан улуттук килем музейине барды.

Адылбек Касымалиевдин Азербайжанга болгон иш сапары аяктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан