Европанын шаарларында жүргөн кыргыз апаларынан турган "Senorita dance" тобу улуттук кийим менен жергиликтүү тургундарды, туристтерди суктандырышууда. Мындай видеолор аталган бий тобунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган.
Учурда апалардан турган бий тобу Париж, Милан шаарларынын көчөлөрүндө бийлеп, кыргыз маданиятын чет өлкөлүктөргө тааныштырууда.
"Жакында Рим шаарында өтчү "Өнөр жана маданият" фестивалында кыргыз бийибиз баш байгени багынтуу менен мекенге кайтабыз",- деп билдирүү калтырган бий тобу.