Биз социалдык тармакта

"Доскага чыккым келет..." Беткапчан киши 15 жаштагы баспаган кызга жардам берди (видео)

Беткапчан киши деген ат менен белгилүү болгон казакстандык жаран бул ирет 15 жаштагы Акнур аттуу кызга жана анын үй-бүлөсүнө жардам берди.

Акнур учурда апасы, бир туугандары менен батирде жашайт. Ал экинчи топтогу майып жана баса албайт. Ага казакстандык дарыгерлер жардам бере албастыгын жана чет өлкөгө барып дарылануу керектигин айтышкан.

"Атам жок. Апам менен агам колунун келген жумуштарды жасап жатышат. Мен дагы теңтуштарым сыяктуу сабак окуп, доскага чыккым келет",- деген 15 жаштагы Акнур.

Беткапчан киши бул үй-бүлөгө үй белек кылып, кыздын дарылануусуна жана окуусуна акча берген.


Беткапчан киши 15 жаштагы кызга жардам берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан