Быйыл Жалал-Абад облусунун Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда 500 гектардан ашуун аянтка 500 миңден ашуун көчөт отургузулат.
Бул демилге Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, Сузак районунда 294 гектар жер өздөштүрүлүп, токой жана мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулат. Анын ичинде грек жаңгагы, мисте, жапайы алма жана алча бар. Бул аянттын 224 гектары айыл аймактардын аз өндүрүмдүү жерлерине, ал эми 70 гектары мамлекеттик токой фондунун жерлерине туура келет.
Бул демилгенин алкагында 1-апрелде Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кашка-Терек айылында аз өндүрүмдүү муниципалдык 21 гектар жерде жаңгак-мөмө бак плантациясы түптөлдү.
Акцияга Сузак районунун акими Дамир Кулубаев, ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев, Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын директору, Токой кызматынын Токой экосистемаларын өнүктүрүү жана стратегиялык мерчемдөө башкармалыгынын башчысы жана Токойлорду сактоо жана коргоо станциясынын директору, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) өкүлдөрү жана жакынкы айылдардын тургундары катышты.
"Бүгүн биз Кыз-Көл айыл аймагынын аз түшүмдүү муниципалдык жерлеринде 21 гектар аянтка жаңгак-мөмө көчөттөрүн отургузуп жатабыз. Бул жөн гана дарак отургузуу эмес, бул аймактын келечегине, жергиликтүү жамааттардын бакубат жашоосуна жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга кошулган инвестиция",- деп белгиледи Олег Гучгельдыев.
Ал эми Тогуз-Торо районунда жалпы 204 гектар жерди өздөштүрүү пландаштырылууда. Анын 108 гектары айыл аймактардын жерлери болсо, 95 гектары мамлекеттик токой фондунун жерлери болуп саналат. Бул аймакта тянь-шань карагайы, арча, алманын алты сорту, өрүк жана кара өрүк сыяктуу көчөттөр отургузулат.
Бул иш-чаралар деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүгө гана эмес, экосистемалардын туруктуулугун жогорулатууга, жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга жана кошумча киреше булактарын түзүүгө багытталган.
ФАОнун Токойлорду жана жайыттарды жакшыртууга багытталган CS FOR долбоору көчөт, тосмолоо каражаттары, керектүү жерлерге тамчылатып сугаруу системасы менен камсыз кылууда.