Нарын облусунун Нарын районунда жарандарды мамлекеттик мекемеге жалган (фиктивдүү) түрдө жумушка орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы О.А. жана Т.у.А. аттуу жарандар Куланак айылындагы "Тангабийке-Бердике" балдар бакчасына жумушка кабыл алынган. Бирок жумушка кабыл алынган учурдан тартып өздөрүнүн эмгек милдеттерин аткарган эмес. Ошол эле учурда айлык акыларды өз убагында алып турушкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө балдар бакчасынын директору Т.Т. мамлекетке 750 миң сом өлчөмүндөгү зыянды толугу менен төлөп берген.