Биз социалдык тармакта

Алмамбет Шыкмаматов: "Эмне үчүн биз зергерчилик боюнча Түркиядан артта калдык?"

Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов "Биринчи радиого" берген маегинде зергерчилик тармагына берилген жеңилдиктер боюнча түшүндүрмө берди.

Ал президент бул жаатта атайын тапшырма койгонун белгиледи.

"Бизде алтын өзүбүздөн чыгат, аны сырьё катары сатабыз. Анда эмне үчүн биз зергерчилик боюнча Түркиядан артта калдык? Алтын чыкпаган мамлекеттен бизге зер буюмдар келет. Ушуну өзүбүз кылсак болбойбу?" деп, анан бизге "баштагыла" деди. "Алтынды зергерлерге дүйнөлүк рыноктогу наркынан 2 пайыз арзан бергиле. Акчасын 6 ай доолабагыла" деп айтты. Анан "6 пайыз менен жеңилдетилген насыя бергиле" деген",- деди Шыкмаматов.

Эске салсак, жыл башында Салык кызматы зергерчилик тармагындагы ишкердик субъекттер үчүн Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык бир катар салыктык жеңилдиктер берилгенин маалымдаган.

Алмамбет Шыкмаматов: "Эмне үчүн биз зергечилик боюнча Түркиядан артта калдык?"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан