
Бүгүн, 3-апрелде Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы министрликтеринин жетинчи жыйыны жана эксперттик жолугушуусу башталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев учурдагы климаттык жана экологиялык маселелер боюнча баяндама жасады. Ал ШКУ аймагындагы экосистемдер климаттык жана антропогендик факторлордон таасирге дуушар болуп жатканын, бирок туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн жаратылыш ресурстарын сактоо зарылдыгын белгиледи.
Токтобаевдин айтымында, Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү максат кылып, Париж келишими жана улуттук стратегиялык пландар менен иш алып барууда. Ал ошондой эле өлкөнүн тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык процесстерге активдүү катышып жатканын белгиледи.
Жыйында катышуучуларды 2027-жылы Бишкекте пландаштырылган экинчи Глобалдык тоо саммитине активдүү катышууга чакырышты жана ШКУ өлкөлөрү менен экологиялык жана климаттык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мааниси баса белгиленди.