Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов зергерлерчилик тармагына берилген жеңилдиктерден улам 16 миллиард сомдук алтындар ачыкка чыкканын билдирди.
"Биз "жеңилдетилген насыяны, арзан баадагы алтынды ачыкка чыгыргандар алат" дедик. Анан, зергерлерибиз катып койгон алтындарын алып чыгышты. Эми ар бири салык төлөп баштады. Анткени, көрсөткөндөн кийин болду да",- деди ал "Биринчи радиого" курган маегинде.