Интернет желесинде мугалимге кол көтөргөн ата-эненин видеосу тарады.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя Ош шаарында болгон. Тасмада алгач баласын ээрчитип келген аял мугалимдин эки бетине чаап, кыйкырып жатканын көрүүгө болот.
Андан соң мугалим анын баласын тааныбастыгын билдирген. Ошондой эле дагы бир эркек киши келип, мугалимге орой мамиле кылып жаткан учур да байкалат.
Ош шаардык милициясы бул окуя боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди. Ал эми башка расмий өкүлдөр маалымат берише элек.