Бишкек шаарында "Жеңиш 9/45" эл аралык патриоттук кыймылынын алкагында жана Станислав Говорухиндин 90 жылдыгына арналган "Кинопанорама" аттуу эл аралык кинофорум өтүүдө.
Форум жаш кинематографисттерди бириктирип, аларга кино жаратуу процессине терең аралашууга жана кесиптик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Долбоордун уюштуруучусу — Евразия кинематографисттеринин жаштар ассоциациясы (МАКЕ), ал эми иш-чара "Евразия" коммерциалык эмес уюмунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Билим берүү программасы практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана кино тармагында жаңы муундагы адистерди даярдоого багытталган.
Бир нече күндүн ичинде катышуучулар идеядан баштап даяр тасмага чейинки кино өндүрүшүнүн толук циклин өздөштүрүшөт. Программа теориялык сабактарды жана практиканы айкалыштыра. Командалар сценарий жазып, тартуу иштерин жүргүзүп, форумдун жүрүшүндө эле патриоттук кыска метраждуу тасмаларды монтаждашат.
Биринчи күн сторителлингдин негиздерине жана сценарий иштеп чыгууга арналган. Катышуучулар кино тилинин заманбап ыкмаларын үйрөнүп, өз алдынча оригиналдуу окуяларды жаратышат. Экинчи этапта негизги көңүл тартуу процессине бурулуп, командалар тасма өндүрүшүн башташат. Алар заманбап форматтарды, анын ичинде вертикалдуу видеону жана мобилдик технологияларды колдонууну өздөштүрүшөт. Акыркы күн монтаж жана постпродакшн иштерине арналат, андан соң даяр болгон тасмалардын көрсөтүүсү өтөт.
Форумдун өзгөчөлүгү — мурдагы билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрү насаатчы катары катышууда. Бүгүнкү күндө алар эл аралык кинофестивалдардын байге ээлери болуп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн ачууга көмөк көрсөтүшөт.
Программанын өзүнчө бөлүгү режиссёр Станислав Говорухиндин чыгармачылык мурасына арналган. Катышуучулар анын режиссёрдук ыкмасын жана кинематографиянын өнүгүшүнө кошкон салымын изилдешет.