Биз социалдык тармакта

Борбор калаада экинчи Ботаникалык бак пайда болот

Борбор калаада экинчи Ботаникалык бак пайда болот. Бул тууралуу 3-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигине 50 миң даана көчөт алып келинген. Бүгүнкү күнгө чейин 30 миң даана дарак көчөтү отургузулду.

Мэр Айбек Жунушалиев иштердин ылдамдыгын күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле шаар тургундары үчүн эс алуу зоналарын уюштуруу жана бул жайды өзгөчө экинчи Ботаникалык бакка айландыруу белгиленди.

Мындан тышкары көчмө жыйындын алкагында ишканага 12 даана жаңы атайын техника берилди. Алардын катарына автокран, кичи-экскаватор, фронталдык жүктөгүч, экскаватор, манипулятор жана газондорду тейлөөгө арналган техника кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан