Биз социалдык тармакта

Таласта Орусиянын колдоосу менен 1224 орундуу мектеп курулат (видео)

Талас шаарында Орусия тарабынан курула турган 1224 орундуу мектептин долбоору талкууланды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Орусия президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев жана президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев катышты.
Учурда мектепти куруу үчүн керектүү инженердик жумуштар толук аяктаган.
Белгилей кетсек, Орусиянын колдоосу менен Кыргызстанда 9 мектеп курулат, анын бири Талас шаарына салынат.
Таласта Орусиянын колдоосу менен 1224 орундуу мектеп курулат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан