Талас облусунда Кыргызстандын кайра жаралуучу энергетика тармагындагы өзгөчө долбоорлордун бири болгон “Жерүй” чакан гидроэлектростанциялар комплексинин курулушуна старт берилди. Капсула салуу аземи 2-апрелде келечектеги энергообъекттин аянтчасында өттү.
Долбоорду “Альянс Гидро” ЖЧКсы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду, “Альянс Алтын” компаниясы жана “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнын катышуусунда ишке ашырууда. Иш-чарага Кыргызстан менен Россиянын бийлик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын жана аймактык башкаруу органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде Россия Федерациясынын президентинин стратегиялык өнөктөштүк башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков, РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков жана Кыргыз Республикасынын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев катышты.
“Жерүй” комплекси жалпы кубаттуулугу 24 МВтка чейин жеткен, жылына болжол менен 80 млн кВт-саат электр энергиясын өндүрө турган бир нече деривациялык чакан ГЭСтен турат. Долбоордун өзгөчөлүгү – бул Кыргызстанда өндүрүштүк ишкананын муктаждыктары үчүн курулуп жаткан жалгыз ГЭС.
“Биз жаңы ‘Жерүй’ чакан ГЭСинин Чоң-Чычкан жана Түз-Ашуу дарыяларында курулушу башталган маанилүү жана көп жагынан тарыхый окуяга күбө болуп жатабыз. Бул жөн гана курулуш иштеринин башталышы эмес. Бул биздин аймакка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, өнүгүү энергиясын жана эртеңки күнгө болгон ишенимди алып келе турган чоң жолдун башталышы”,- деди “Альянс Гидро” компаниясынын директору Бакыт Молдоюсупов.
Долбоор аймактын энергетикалык туруктуулугун чыңдоого, иштеп жаткан тармактарга болгон жүктү азайтууга жана кайра жаралуучу булактардан өндүрүлгөн энергиянын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган. Ошондой эле ал өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо боюнча кеңири иштердин бир бөлүгү катары каралууда.
“Бүгүнкү күндө Таласта Кыргыз Республикасынын президентинин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор аймактарды өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулуп жатканын көрсөтөт. Биз өз тарабыбыздан алар мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө ишке ашышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Министрлер кабинети, Финансы министрлиги жана "Альянс Алтын" компаниясынын кепили болгон "Мамлекеттик финансылык холдинг" тарабынан көрсөтүлгөн колдоо мындай долбоорлордун көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет",- деп белгиледи Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков.
“Жерүй” чакан ГЭСтер комплексине салынуучу инвестициянын көлөмү 39,2 млн АКШ долларына бааланууда. Бардык иштердин цикли болжол менен эки жылга созулат. Курулушту каржылоо Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жана “Альянс Алтын” ЖЧКнын каражаттарынын эсебинен камсыздалууда. Долбоорду ишке ашырууга Кыргызстан жана Европадан келген компанияларды камтыган эл аралык подрядчылар консорциуму тартылган.
Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев чакан ГЭСтин курулушу кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкеш келерин белгиледи.
“Биз инвесторлордун, өнөктөштөрдүн жана бул долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан бардык адистердин салымын жогору баалайбыз. Биргелешкен аракеттер менен долбоор белгиленген мөөнөттө ийгиликтүү аяктап, натыйжалуу эл аралык кызматташтыктын үлгүсү болот деп ишенем”,- деп жыйынтыктады ал.
Белгилей кетсек, долбоор өткөн жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров кол койгон жана өлкөнүн жашыл энергетикасын жана өнөр жай потенциалын бир эле учурда өнүктүрүүнү болжолдогон Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын алкагында ишке ашырылууда.