Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров "Дастан" ишканасына дрондорду жасоо тапшырмасын берди

Бүгүн, 3-апрелде президент Садыр Жапаров "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, анын ичинде атайын продукцияларды чыгаруу боюнча иштеп жаткан линияларын көрүп чыккан. Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишкананын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоону уюштуруу маселесин тапшырды.

"Заводдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири - деңиз торпедалык куралдарын даярдоо болуп саналат. "Дастан" ААКсы электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукцияларын иштеп чыгууну жана өндүрүүнү жүзөгө ашырган көп тармактуу ишкана болуп саналат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан