Бүгүн, 3-апрелде Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу бала бакчанын имаратынын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.
Мекеменин маалыматына ылайык, иш-чарага УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жана курулуш министри Нурдан Орунтаев катышты.
"Жаңы бала бакча УКМКнын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин балдарына ыңгайлуу жана коопсуз мектепке чейинки билим берүү шарттарын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Бул ар түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдүн балдарынын ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана социалдык интеграцияга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.