Ош шаарындагы Атабаев көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүп жатат.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда жолдун эски асфальт катмары алынып, негизин бекемдөө жана тегиздөө иштери аткарылууда.
Мындан тышкары жол алдындагы инженердик коммуникациялар текшерилип, суу түтүктөрү менен канализация тармактары каралып, керектүү жерлеринде оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Техникалык талаптар толук аткарылгандан кийин асфальт төшөө иштери башталмакчы.