Бишкек шаарында 11-апрелде балдар искусство мектептеринин окуучулары арасында “Ансамбль” категориясында жыл сайын өткөрүлүүчү “Жаш таланттар” шаардык сынагы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынактын негизги максаты – таланттуу балдарды аныктоо жана колдоо, окуучулардын аткаруучулук чеберчилигин өнүктүрүү, ошондой эле жаш муун арасында классикалык музыканы жайылтуу.
Иш-чаранын алкагында шаардын балдар искусство мектептеринен келген жаш музыканттар фортепиано, скрипка, флейта жана башка классикалык аспаптарда ансамблдик чыгармаларды аткарышат.
Сынактын угуулары Д.Назарматов атындагы №9 балдар искусство мектебинин концерттик залында өтөт.