Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеш жана БУУ: Туруктуу өнүгүү багытында кызматташтык талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бириккен Улуттар уюмунун кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү багытындагы пландарын талкуулашты.

Марлен Маматалиев өлкөнүн экология, жашыл экономика жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерге басым жасап жатканын белгиледи. Антье Граве Кыргызстанды аталган багытта “чемпион” деп баалап, өнөктөштүктү мындан ары да өркүндөтүүгө даяр экенин билдирди. Тараптар байма-бай жолугушуп, пикир алмашып турууга макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан