Биз социалдык тармакта

Ош мэриясында коррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ош шаарынын мэриясында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, аймактык башкармалыктардын, медицина жана билим берүү тармактарынын, ошондой эле жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда коррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйында мэриянын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таир Жоробеков өлкөдөгү коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берип, 2025-2030-жылдарга карата стратегия жана 2026-2027-жылдарга арналган маалыматтык саясаттын талаптарына токтолду.

Мындан тышкары жыйында коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, жарандардын кайрылууларын өз убагында жана адилет кароо, кызмат көрсөтүүлөрдө мыйзамдуулукту сактоо маселелери белгиленип, көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rusi79
2026-04-03 21:50:00
Алкаш экинчи ичпейм,сойку экинчи ал жолго барбайм дегендей эле болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан