Биз социалдык тармакта

Аламүдүндө окуучулар үчүн укук бузуунун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Аламүдүн районунда мектеп окуучулары арасында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Гроздь айыл аймагындагы орто мектептерде өтүп, анын негизги максаты – жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу жана алардын укуктук билимин жогорулатуу болду.

Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулуктун кесепеттери, мектеп рэкети, интернет коопсуздугу жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелери тууралуу түшүндүрмө беришти. Ошондой эле мыйзам алдындагы жоопкерчилик боюнча кеңири маалымат айтылды.

Мындан тышкары өспүрүмдөр сергек жашоого чакырылып, аларга зыяндуу адаттардан алыс болуу жана бош убакытты туура пайдалануу боюнча сунуштар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан