
Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык маанилүү Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулуш иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2025-жылга чейин долбоордо каралган жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөрүлгөн.
"Аба ырайы жылып, ашуудагы кардын эриши менен учурда калган 20 чакырым тилкени куруу жана асфальттоо боюнча даярдык иштери башталды. Жолдун курулушу толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Унаа жолу III техникалык категорияга кирет. Ал 2 тилкелүү болуп, 11,5 тоннага чейинки оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ылайыкталып салынууда", - деп кошумчаланды маалыматта.