Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин чет жагында жайгашкан Байтик айылындагы тоо бетине миңдеген бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.
Бул иш-чара "Жашыл дем" долбоорунун алкагында уюштурулуп, экологияга кайдыгер карабаган ыктыярчылардын башын бириктирди. Алардын катарын SUPER.KG порталынын эмгек жамааты да толуктап, активдүү катышты.
Иш-чаранын максаты жашыл аймактарды көбөйтүп, айлана-чөйрөгө кам көрүү болуп саналат.