Биз социалдык тармакта

Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча иште соттолгон Бахытжан Байжановдун өкүмү кайра каралат

Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча иште соттолгон Бахытжан Байжановдун өкүмү кайра каралат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, кассациялык сотко анын адвокаттары арыз берип, иш материалдары Астанадан суратып алынган. Соттук чечимдер Байжановго байланыштуу кайра текшерилет, ал эми Куандык Бишимбаев тараптан арыз түшкөн эмес. Отурум 14-майга дайындалды.

Эскерте кетсек, 2024-жылы Байжанов өзгөчө оор кылмышты жашырган деп табылып, 4 жылга кесилген. Кийин кассацияга кайрылып, бирок арызын кайра чакыртып алган. Ошого карабастан, ал кайра кайрылууга укуктуу. 2025-жылы ага мунапыс берилип, жаза мөөнөтү 8 ай 8 күнгө кыскарган. Ал буга чейин 1 жыл 11 ай отурган. Алдын ала маалымат боюнча, 2026-жылдын ноябрында эркиндикке чыгышы күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан