ӨКМ уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча тарыхый миссиясын улантууда.
Маалым болгондой, министрликтин карамагында 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар. 33 калдык сактоочу жай жана 27 кен калдыктары, алардын жалпы көлөмү 11 миллион куб метрди түзөт.
Калдыктарды зыянсыздандыруу менен аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ири долбоорлор улантылып жаткандыгы маалыматта кошумчаланды.