Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Ордер" санариптик системи ишке кирди

Бишкек шаарында жер казуу жана башка иштер үчүн арыздарды санариптештирүүчү жаңы "Ордер" тиркемеси ишке кирди.

Мэриядан билдиргендей, арыздар эми онлайн кабыл алынып, алардын статусу реалдуу убакытта көзөмөлдөнөт жана керектүү уруксат документтерин мамлекеттик органдарга барбастан алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Жаңы систем арыздарды кароо мөөнөтүн кыскартып, процедуралардын ачыктыгын жогорулатууга жана адам факторун азайтууга багытталган. Бул демилге шаардагы санариптик инфраструктураны өнүктүрүп, жарандар жана бизнес үчүн муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан