Бишкекте унаа жолунда басып жүргөн бөбөктүн ата-энеси аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлер ата-энесинин жашаган дарегине барып, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Баланын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу жана кароосуз калтырбоо боюнча эскертүүлөр берилди. Жыйынтыгында балага карата эч кандай зыян келтирилбегени аныкталды.
Буга чейин интернет желесинде бөбөктүн унаа жолунда басып жүргөн видеосу тараган.