Кечээ, 4-апрелде Бишкек шаарында ишембиликтин алкагында 740 дарак отургузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, калаа башчысы Айбек Жунушалиев баш болгон кызматкерлер "Адинай" паркына барышып, 200гө чукул көчөт отургузушту. Андан соң шаар башчысы Фучик атындагы паркта дарак отургузуу ишин улантып, Ленин районунун кызматкерлери жана "Жаштар кыймылы" ыктыярчылары менен бирге дагы 200гө жакын дарак отургузду. Башка аймактарда да мындай иштер уланганы маалыматта кошумчаланды.
Жазгы көчөт отургузуу иштери башталгандан бери борбор калаада 7600дөн ашык дарак отургузулду. Бишкек шаарынын мэриясы 2026-жылы 20 миңден ашык жашыл көчөт отургузууну пландап жатат.