Сокулуктагы завод 2 миң тоннадан ашык асфальт-бетон чыгарды
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Сокулук №8” заводу сезон башталгандан бери 2 миң тоннадан ашык асфальт-бетон чыгарды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, быйыл жалпысынан 60 миң тонна асфальт-бетон аралашмасын даярдоо каралган. Завод Чүй облусунун Жол тейлөө ишканаларын жол куруу иштерине керектүү көлөмдө сапаттуу асфальт-бетон менен камсыздайт.