Парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште жарандарды кабыл алуу максатында жасалып жаткан коомдук кабылдама менен таанышты.
Басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук кабылдамада акылдуу интеллект менен иш алып барган заманбап технологиялар жайгаштырылып, жарандарды кабыл алуу иши толугу менен санариптешет. Ошону менен бирге балалуу энелерге да ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Төрага жасалып жаткан иштерди жеринде көрүп, кабыл алуу жайына санариптик технологияларды орнотуп жаткан адистерди бүгүнкү 4-апрель – Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.