Биз социалдык тармакта

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы африкалык бийчи балдарга жолугуу үчүн Руандага аттанды (видео)

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Moriox Kids тобунун балдары менен жолугуу үчүн Руанда өлкөсүнө аттанды. Мындай видеону ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

"Салам, менин руандалык сүйүктүү балдарым! Мен жолдомо алдым, силерди көргөнү бара жатам. Кудайым буюрса, аз күндөрдөн кийин көрүшөбүз",- деп, бийлеп билдирүү калтырган ырчы айым.

Буга чейин аталган африкалык бийчи балдар Гүлназ Чыныбек кызынын аткаруусундагы "Аттиң ай" ырын ырдап, бийлеп видео тартышкан.

Белгилей кетсек, Moriox Kids - Руанданын баш калаасы Кигалиден чыккан бийчилер тобу. Топ ар кандай бийлерди аткарып, социалдык тармактарга видео жарыялап, дүйнө жүзү боюнча аудиториянын көңүлүн өзүнө буруп келет.

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы африкалык бийчи балдарга Руандага аттанды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан