Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Анталияда өткөн VIII Эл аралык этноспорт форумунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган менен жолугушуу өткөрдү.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү алкагында өнөктөштүк кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын координациясын чыңдоо, катышуучулардын географиясын кеңейтүү жана уюштуруу деңгээлин жогорулатуу тууралуу кеп болгон.
Айта кетсек, Байсалов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы.