(Башы өткөн сандарда)
Мен аны кызганбашым керек эле. Анткени Илим – менин жигитим эмес болчу. Ал мага эч качан “сен меникисиң” деп айткан эмес. Ал тургай “намёк” да кылган эмес. Бирок анда эмне мынча тыпырап жатам? Жөпжөнөкөй “ал сага эч ким эмес” деген логиканы акылыма сыйдыра, жүрөгүмө түшүндүрө албай курудум. Кандай гана күрөш эле бул, муну билген билер. Атын да коё албаган бир сезим жүрөгүмдө жашап жатты. Аты жок болсо да терең жана күчтүү сезим болчу. Өтө терең эле. Мен анын сүйлөшкөн кызы бар экенин укканымдан кийин университетте кезигип калдым. Көрмөксөн боло басып кетким келди, бирок буттарым жылбады. Ал эч нерсе болбогондой жаныма келди.
– Салам,- дедим жай гана.
– Салам,- деди Илим. Эмнегедир сүйүнүп алгандай сезилди. Жылмайып сүйлөдү, мени көргөнүнө, балким, кубанып кеттиби деп бир саамга үмүттөнүп кеттим.
– Кандайсың? Үйгө барасыңбы, ала кетейин?
– Жакшымын,- дедим. Анын машинесине түшкүм келип жатты, бирок өзүмө андан алыс болом деп сөз бербедим беле. Ары басып кетпей же макул болбой, кыйылып токтоп калдым.
– Өзүң?- дедим.
– Жакшы. Бир аз иштер көбөйүп жатат...
– Уктум,- дедим акырын.
– Эмнени?..
– Иштериңди... Сен бир кызды ата-энеңе тааныштырганы алып барганы жатыптырсың. Гүлай апа даярданып жаткан.
Ал унчукпай калды, эмнегедир көктү карады. “Жок, андай эмес болчу, туура эмес түшүнүп алыптырсың” деп айтса деп жалынып жаттым Кудайга. Бирок ал бир саам тургандан кийин мени салкын тиктеди.
– Ооба ,- деди ал жай. – Ал кызды жакында алып барам. Сен да таанышасың, буюрса.
– Куттуктайм!- дедим. Өзүмдү зордоп болсо да жылмайгандай болдум.
– Рахмат,- деди ал, бирок үнүндө бир аз күмөн бардай туюлду. Кайра мага жакшылап карап алды.
– Сен... капа болуп калган жоксуңбу?
– Жок,- дедим тез эле. – Эмнеге капа болмок элем? Бактылуу кыз экен, сиздей жигиттин арзуусуна арзыган,- дедим чыдай албай какшыктап.
– Аны билбейм, бирок жакшы кыз экени чын,- деди.
Ичимден жалын дүрт эткендей болду. От бүркүп тургандай ичим алоолонуп кетти. Адамда кандай гана күч бар, ээ, баарын жашырып, сыртымдан эч билдирбей жылмайып жаттым.
– Билесиңби, жакшылар жакшыларды гана тандайт. Куранда ушундай аят бар экен. Бир жерден окугам.
– Мен жакшы эмесмин, бирок ал өзгөчө кыз.
– Татыктуу экен сага.
– Ооба.
Ичимден “татыктуу кыз сен тууралуу бардык чындыкты билет болду бекен? Мисалы, бакма бала экениңди, тээ жүрөгүңдүн түпкүрүндө ыйлап жаткан абалыңды, бул катуулуктун аркасында жаралуу адам жашынып турганын... Ал кыз билет болду бекен?” дегим келди. Дей албадым. Оозумдан такыр күтпөгөн сөз чыкты.
– Жакшы анда. Бактылуу бол.
– Рахмат!- деди ал акырын. – Сен да...
Мен бурулуп кетейин дедим. Бирок эки кадам басып кайра токтодум. Ал да мени эмнегедир тиктеп турган экен.
– Илим?..
– Ии?
Мен унчукпай туруп калдым. Айткым келген сөздөр тамагыма тыгылып, чыкпай калды.
– Эч нерсе,- дедим.
– Айта бер.
– Сен жакшы адамсың, Илим,- дедим акырын.
– Чын элеби?
– Чын эле. Кыска убакта сени билдим. Сени жакын көрдүм...- үнүм дирилдеп токтоп калдым. – Сени баалаган адам менен бактылуу бол.
– Бирок мени сен дагы баалайсың да,- деди ал күтүүсүз.
Жүрөгүм бир саамга токтоп калгандай болду.
– Ооба,- дедим жай.
– Кечир мени, эгерде башкача боло турган болсо, сөзсүз ошондой кылмакмын. Бирок мүмкүн эмес. Сен жана мен. Бизден эч нерсе чыкпайт,- деди ал, дагы бир нерсе дегиси келди, бирок сөзүн улай албай калды.
Мен көз жашымды жашыруу үчүн жылмайгандай болдум. Ал унчукпай калды. Мен дагы. Ал артта калды. Кетип баратканымда жүрөгүмдү “Илим” деген ат дагы деле оорутуп жатканын сездим.
ххх
– Тамчы, кызым, сенин акыркы күндөрү такыр табың жок. Бир нерсе болуп жатабы?- деди Гүлай апа мага чочуй карап.
– Жок, сабактар бир аз оор болууда. Баары жакшы, апа,- дедим.
– Чыда, кызым, Илим кызын тааныштырганы алып келгенден кийин, сени өзүмдүн тааныш врачыма алып барайын.
– Жок, тим эле коюңузчу,- дедим мээримдүү аялдын камкордугуна ичим жылый.
Эх, ичимде кандай гана бороон-чапкын жүрүп жатканын бир билсе, ээ? Казат ата мени кызыктай бир карап койду. Ичимдеги болуп жаткан бороонду тек ошол адам билгендей сезим болуп кетти. Бирок кайдан билмек эле деп өзүмдү жооткоттум.
– Тамакты жакшы ич, кызым. Алсырап бир күнү жыгылып калба,- деди Казат ата ичимдегини окуп жаткандай. Мен башымды ийкеп тим болдум.
Күчүмдү топтоп, баарыбыз күткөн “улуу күнгө” даярданып жаттык. Гүлай апа укмуш даярданды. Эки кызматчы кыз, мен кошулуп суй жыгыла даярдандык. Ошентип көптөн күткөн күн келди. Дарбазадан жетелеше кирип келишти, жалдырап карап туруп калдым. Илим куду өзүндөй шыңга бойлуу, журналдын бетинен түшө калгандай болгон сулуу кызды ээрчитип кирди. Чынын айтыш керек, сулуу экен! Илим так ушундай кызды тандамак. Аристократ, элита дейбизби, айтор, жогорку бир ченемдеги адамдардын кыздары ушундай болсо керек. Кыздын “көлөкө” жерде гана багылганы билинип турат. Бирок эмнегедир бир карап эле ушунча убакыт бою ичтен жеген кызганыч бошой түшкөндөй болду. Анткени мен ал кызда эң маанилүү нерсе жок экенин байкай калдым. Куду пазлдын бир жери кемтиктей... Айтып жатпаймбы, кээде бир карап адамдарды китептей эле окуп коймоюм бар. Ооба, өтө сулуу эле, акылдуу экени да билинип турат. Бирок жылуулук жок, адамды тарта турган руху алсыз болчу. Илим аны ата-энесине тааныштырып жатты.
– Арина...- деди назик жана узун манжаларын суна сылык жылмайган кыз. Анын жүзүнөн көзүмдү албай турдум.
– Келегой, кызым. Гүлай апа анын чекесинен өптү. Бою узун неме аябай эле ийилип турду. Казат ата жактырбагандай кабагын чытып койду. Мен Илимге салам катары баш ийкедим. Ал дагы алик алгандай ишарат кылды. Кыз Гүлай апага бир нерселерди айтып жатты. Бирок мен уккан жокмун, сыртка шашылдым. Ошол боюнча алардын үстүнө кирген жокмун. Жатаканама кетип калдым. Бир нече күндөн кийин гана Гүлай ападан ал тууралуу уктум.
– Жактыбы анан келиниңиз?- дедим түз эле.
– Анча жакпады, эмнесин жашырайын,- деди ал нааразы боло. – Эмне деген арык, ичке кыздар пайда болуп жатышат? Манекен сымал... Нуру жүзүнөн төгүлүп турган кыздар болот го. Мисалы, сага окшогон...- деп үшкүрө колдорун шилтеп койду. Мен күлүп жибердим. Бул ичимдеги отко суу сепкендей болгонун апа кайдан билсин.
– Гүлай апа, мен сизге жагамынбы?- дедим.
Уландысы шилтемеде.