Ош шаарынын мэри Жанар Акаев кечээ, 5-апрель жекшемби күнү Абдыкадыров көчөсүн оңдоо иштери менен таанышып чыкты. Калаа бийлигинин маалымат кызматы мэрдин видеосун жарыялады.
Анда Акаев аталган жолду жасоодо алешемдиктер аныкталганын айтканын угууга болот.
"Сностон чыккан калдыктарды жолдун алдына төгүп, үстүнөн асфальттап салабыз дешкен да. Биз муну байкап калып, азыр бүт бардыгын алдырып жатабыз. Жол курууда сапатка маани беришибиз керек. Бул жол бир айга жетпей бузулмак. Ушундай подрядчиктерди кара тизмеге киргизип, кийин жол, мектеп, бала бакча бербей тургандай кылыш керек",- деди мэр.