Кечээ, 5-апрелде Жумгал районунда жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, сел Миң-Куш айыл аймагынын Сары-Булуң айылында катталган. Турак жайларга жана унаа жолдорго кооптуулук жаралган эмес. Учурда абалды көзөмөлдөө максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.