
Бишкекте
"Бала ырысы" жөлөк пулу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жана комиссия мүчөлөрү катышты.
Жыйында төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулунун долбоору, ошондой эле аны ишке ашыруунун негизги шарттары талкууланды.