Биз социалдык тармакта

Улуттук филармониянын алдындагы оргумалар жаңыланат

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы оргумаларды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Калаа мэриясы маалымдагандай, демонтаждоо иштери аяктагандан кийин фонтан комплексин реконструкциялоо иштери башталат. Долбоорго ылайык, конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системдер модернизацияланат. Ошондой эле айланасындагы аймакка көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, аталган фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Учурдагы долбоордун алкагында объект толугу менен жаңыланып, бардык инженердик тармактар алмаштырылат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан