Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралинов бүгүн, 24-январда журналисттер менен жолугушуу учурунда өлкөдөгү лыжа базаларынын бирин улутташтыруу планы бар экенин билдирди.
Анын айтымында, бул план ишке ашса, анда кышкы спорт түрлөрү боюнча өспүрүмдөргө ылайыкташкан окуу жайы курулат. Бул окуу жайда кышкы спорт түрүнө кызыккан баланын жеке лыжа базаларына барганына караганда арзан болот.